Коронавирустан коргонуу максатында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 12-апрелге белгиленген шайлоо өнөктүгүн да жылдыруу зарыл.
Мындай сунушун БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын сөзүнө караганда, сунуш БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага, анын орун басарларына жана комиссиянын айрым мүчөлөрүнө да оозеки айтылган.
«Бул менин жеке оюм, - деп түшүндүрдү ал. - Учурда көрүп жатасыңар, өкмөт массалык иш-чараларды чектеп жатат. Шайлоого даярданып жаткан саясий партиялардын үгүт иштери да массалык иш-чарага кирет. Чектөөдөн улам алар эл аз бата турган имараттарда жолугушуу өткөрүп, үгүт жүргүзө беришет. Бирок муну менен элдин ден соолугуна коркунуч жаралышы мүмкүн. Ошондуктан үгүт иштерин да, шайлоону да жылдыруу зарыл деп эсептейм».
Бул сунуш азырынча БШКнын отурумуна коюла элек.
Ушул тапта Кыргызстанда беш шаарда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык өнөктүгү жүрүп жатат.
Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда.
Шайлоого үгүт иштери 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот. (ZKo)