18-марттан баштап темир жол, аба жолдору жана автобустар жүргүнчү ташууну убактылуу токтотушат. Мындай чечимди украин өкмөтү коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында кабыл алды. Киев, Днепр жана Харьков шаарларында метрополитен убактылуу жабылат. Ал эми бардык аймакта темир жол, шаар аралык, облус аралык каттамдагы автобустар, ички жана тышкы аба каттамдары ишин убактылуу токтотот.
Шаар ичиндеги автоунааларга ондон ашуун жүргүнчү салууга тыюу салынды.
Айрым ички темир жол каттамдарына зарылчылыкка жараша уруксат берилиши мүмкүн. Ал үчүн тиешелүү министрликтердин уруксаты болууга тийиш. Украин президенти Владимир Зеленский коомдук транспортту токтотууну коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу чарасы катары түшүндүрдү:
«17-мартта саат 12ден тартып бардык метролор токтойт. Шейшембиден баштап бардык маданий, оюн-зоок, спорттук, диний, жарнамалык жана башка иш-чаралар токтотулат. Ошондой эле коомдук тамактануучу жайлар, оюн-зоок борборлору, маданий мекемелер, фитнес-борборлор да ишин убактылуу токтотууга тийиш. Биз элдин көп санда чогулуп, оорунун таркап кетишине жол бербөөгө тийишпиз», - деди Зеленский.
Тамак-ашты үйгө жеткирип берүү кызматына кызматкерлерине тиешелүү коопсуздук жабдыктары менен жабдуу менен гана иштөөгө уруксат берилди.
Азык-түлүк, отун-көмүр, гигиеналык каражаттар, дары-дармек сатууга гана уруксат. Мындан тышкары банк жана камсыздоо компаниялары иштейт.
Украинада үч адамдан коронавирус аныкталып, алардын бири, 71 жаштагы аял көз жумган. Маалыматка ылайык, маркум аял 1-мартта Польшадан кайтып келгенден көп өтпөй өзүн начар сезе баштаган. Бирок убагында дарыгерлерге кайрылбай, 12-мартта гана ооруканага жаткырылган.