Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Биринчи класска 10 миңден ашуун бала кезекке турду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-мартка карата «Мектепке электрондук каттоо системасы» аркылуу балдарды 1-класска кабыл алыш үчүн катталган арыздардын саны 10333кө жетти. Мунун ичинен Бишкек шаарында 9133 ата-эне баласын 1-класска кабыл алууга арыз берген. Булардын ичинен 4662 бала башталгыч класска кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2020-2021-окуу жылына балдарды электрондук түрдө мектепке каттоо Кыргызстандын алты шаарында: Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Кызыл-Кыяда, Кара-Балтада жана Токмокто жүрүп жатат.

Электрондук каттоодогу быйылкы өзгөрүүлөргө ылайык, бала бир эле мезгилде микроучасток боюнча да, андан сырткары аймактардагы мектептерге да жазылууга укуктуу. Каттоого туруу 15-августка чейин уланат.

Демилгечилер бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат жана ал ата-энелер үчүн да ыңгайлуу деп эсептешет.

Мектепке электрондук каттоо боюнча пилоттук долбоор 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамы менен борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG