Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Жээнбеков: Аксы окуясы - элдик күрөштүн башаты (видео)


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2002-жылы болгон Аксы окуясына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу таратты. Анда президент Аксы окуяларын «өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы бурулуш» деп атады.

«17-марттагы Аксы окуясы өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды. Ал адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, март жана апрель революцияларына түрткү болгон тарыхый окуя катары бааланат», – деди мамлекет башчы.

Президент Жээнбеков «азыркы бийлик өлкөнүн келечеги үчүн өз өмүрүн тобокелге салган элдин ишенимин актоого аракет кылып жатат» деди. Мамлекет башчы Ала-Тоо аянтындагы Аксы, апрель окуяларында курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Анда ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар коюлган. (TSh)

XS
SM
MD
LG