16-мартта Чымкент шаарынын район аралык соту коррупция иши боюнча айыпталып жаткан 12 бажы кызматкерине, бир нече аткаминерге жана жергиликтүү тургундарга өкүм чыгарды. Ага ылайык, 11 бажы кызматкери бир жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолуп, бирөө акталды.
Иштин эки фигуранты — Мамлекеттик кирешелер боюнча комитеттин Түркстан облустук департаментинин жетекчи орун басары Нурлан Тенлибаев менен «Капланбек» бажы бекетинин башчысы Еркин Байсапаров «бир нече жолу ири өлчөмдө пара алууга» күнөөлүү деп табылып, ар бири 10 жылдан эркинен ажыратылды.
Ушул эле айып менен Мамлекеттик кирешелер боюнча комитеттин облустук департаменттин жетекчиси Сейтжан Ештаев менен «Казыгурт» бажы бекетинин башчысы Нурлан Оспанов төрт жылдан соттолду. Сот өкүм чыгарууда алардын тергөө иштерине көмөктөшкөнүн эске алганын билдирди.
Мындан тышкары «Сарыагаш станциясы» бажы бекетинин башчысы Алмас Жумабаев менен дагы беш бажы кызматкеринин ар бири жети жылдан эркинен ажыратылды. Өкүмгө ылайык, дагы бир бажычы төрт жылга кесилди.
Пара берүүгө ортомчулук кылган деп айыпталган «Сарыагаш станциясы» бекетинин башкы адиси менен үч жаран бир жылдан төрт жылга чейинки мөөнөттөргө соттолду. Ортомчулук кылган деп айыпталган дагы үч адамдын жаза мөөнөтү менен тергөө маалында камакта жаткан мөөнөтү дал келгендиктен, алар сот залынан бошотулду.
Сотто төрт бажы кызматкери күнөөсүн мойнуна алса, 11и айыптар менен макул болгон жок. Мындан тышкары «Сарыагаш станциясы» бекетинин бир кызматкери акталды. Сот аны күнөөлүү деп табууга далилдер жетишсиз экенин билдирди.
Тергөөнүн материалдарына ылайык, соттолуучулар пара катары ишкерлерден 20 миллион теңгеге жакын акча алышкан. Алар 2018-жылы июнда кармалып, сот былтыр июлда башталган. Иштин алкагында кармалган 16 адамдын жетөө тергөө аяктаганга чейин камакка алынып, үчөө үй камагында болгон. Калгандары күрөөгө бошотулган.
2018-жылы тергөө бул иш боюнча дагы эки шектүүгө издөө жарыялап, бирок таба алган эмес.
Казакстан Transparency International уюмунун 2019-жылга карата жарыяланган «Коррупцияны кабылдоо индексинде» 180 өлкөнүн ичинен 113-орунга жайгашкан. Бул рейтингде өлкө канчалык төмөнкү сапта болсо, коррупциянын жайылышы ошончолук көп болот.