Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:05

Өкмөт убактылуу жабылган ишканаларга жардам берүүнү караштырып жатат (видео)


Кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу жабылган ишкана ээлерине салык жана насыялык каникул берүү жолдорун карап жатат.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 17-мартта уюштурган маалымат жыйында билдирди.

“Экономикалык суроолор боюнча штабда салык жана насыя боюнча каникул берүү каралып жатат. Мунун баары индивидуалдык тартипте каралат”, - деди Өмүрбекова.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында бардык түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар жабылган.

17-мартта тейлөөсү 50 орундан ашкан бардык коомдук жайларга, той, куран окутуу сыяктуу массалык иш-чараларга үч жумалык тыюу салынганы белгилүү болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG