Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Казакстан коронавируска каршы 1,6 млрд. доллар бөлөт


Казакстандын өкмөтү коронавирустун экономикага тийгизген терс таасирин басаңдатыш үчүн чукул чаралардын топтомун даярдоодо. Анын негизинде 700 млрд. теңге (1,6 млрд. доллар) бөлүүнү пландап жатат.

Бул тууралуу Улуттук экономика министри Руслан Даленов онлайн-режимде өткөн өкмөттүк жыйын учурунда билдирди. Анын сөзүнө караганда, каражаттын кеминде 300 млрд. теңгеси ишкерлерди колдош үчүн бөлүнөт. Калган 400 млрд. теңге артыкчылык берилген долбоорлорго жеңилдетилген насыя берип келген өкмөттүк программага кошумчаланат.

Өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу 16-марттан 15-апрелге чейин жеке ишкерлер, чакан жана орто ишканалар үчүн алган насыянын төлөө мөөнөтү 90 күнгө жылдырылат.

Каржы базарын жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Мадина Абылкасымова жеке адамдардын насыя төлөмдөрү кечиккен учурда да айып пул же туум жазылбай турганын белгиледи. Бул эреже банк эле эмес, чакан насыя компанияларынан, анын ичинде ломбарддан карыз алгандарга да тиешелүү.

COVID-19 вирусуна байланыштуу Казакстан 16-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыялап, ири соода жайларынын ишин чектеди. Элди чогулткан иш-чараларга тыюу салынды. Өлкө аймагына кирүү жана чыгуу чектелди. Өкмөт онлайн-режимде иштөөгө өттү.

Казакстанда коронавируска чалдыкканы аныкталгандардын саны акыркы суткада эки эсеге көбөйүп, 27 кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG