Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:26

Казакстанда COVID-19 жугузганы аныкталгандар эки эсе көбөйдү


Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов.
Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов.

17-мартка карата Казакстанда коронавируска чалдыкканы аныкталгандар эки эсе көбөйүп, 27 кишиге жетти.

«Нур-Султан шаарында катталган жаңы 14 пациент тууралуу кабарлайбыз. Алар карантинге жаткырылды, диагнозу ырасталды. Алар менен байланышта болгондордун баары аныкталды, карантинге жана изоляцияга алып жатабыз», - деди саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов брифинг учурунда.

COVID-19 вирусуна чалдыккандардын 11и Алматыда, 16сы Нурсултанда катталган.

Казакстан өкмөтү 16-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыялап, ири соода жайларынын ишин чектеди. Элди чогулткан иш-чараларга тыюу салынды. Өлкө аймагына кирүү жана чыгуу чектелди. Өкмөт онлайн-режимде иштөөгө өттү.

XS
SM
MD
LG