Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Депутат доллар менен насыя алгандардын маселесин көтөрдү


Парламент депутаты Исхак Пирматов комитет жыйынында АКШ доллары менен насыя алган ишкерлердин, ипотека алган жарандардын маселесин көтөрдү.

«Бир күндүн ичинде доллардын куну үч сомго көтөрүлдү, чек аралар жабылып турат, каржы каатчылыгы башталууда. Көптөгөн жарандар менен ишкерлер илгери үмүт менен насыя алышкан, эми алардын абалы кандай болот»? – деп депутат экономика министри Санжар Мукамбетовго суроо салды.

Санжар Мукамбетов министрлик коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө кийлигише албай турганын, бул маселе боюнча Улуттук банкка сунуш киргизилгенин билдирди.

Премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев 16-марттагы брифингде сүйлөп жатып, Улуттук банк менен сүйлөшүп, бийлик доллардын курсун 73 сомдон көтөрбөөгө аракет кыларын маалымдаган.

10-мартта Кыргызстанда доллар дароо кымбаттаган. Өлкөдөгү коммерциялык банктардын расмий сайттарындагы маалыматтар боюнча бир доллардын курсу дээрлик үч сомго жогорулаган. Ушул эле күнү Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион АКШ долларын (анын 4,0 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарды. Эртең менен 1 АКШ доллары коммерциялык банктарда 69,85-69,95 сомдун тегерегинде сатылып жаткан болсо, кечке маал 72,85-73 сом болгон. Учурда коммерциялык банктарда 1 доллар 73 сомдун тегерегинде болуп жатат. Бирок акча алмаштыруучу жайларда 73 сомдон ашып кеткен учурлар кездешүүдө.

XS
SM
MD
LG