Украинанын Жогорку Радасы Ирина Венедиктованы башкы прокурорлук кызматка шайлады. Анын талапкерлигин президент Владимир Зеленский 16-мартта көрсөткөн.
41 жаштагы Венедиктова былтыр Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясынын катарында депутаттыкка шайланган. 2019-жылдын 27-декабрынан тартып Мамлекеттик иликтөө бюросунун жетекчисинин милдетин аткарып турду.
Венедиктова Башкы прокуратураны «кубаттуу институт» деп баалап, реформаларды күчөтүүгө убада берди.
5-мартта ишеним көрсөтпөө жолу менен Жогорку Рада Руслан Рябошапканы башпрокурорлуктан кетирген. Венедиктова сыяктуу эле Рябошапка да Зеленский президенттик шайлоо алдында элге тааныштырган командасында болчу. 2019-жылдын 29-августунда башкы прокурорлукка дайындалган.
Ошол эле учурда «коррупция үчүн айыпталган мурдагы жогорку аткаминерлерди, анын ичинде экс-президент Петр Порошенкону жоопко тартып, камабай жатат» деп Рябошапкага сын-пикир айтылып келген.