Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Ош: Айдоочулар Кытайда калган автоунааларын чыгарууга өкмөттөн жардам сурашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Айдоочулар» коомдук бирикмеси январь айында Кытайда калган жүк ташуучу 30 автоунааны чыгарып келүүгө өкмөттөн жардам сурады.

Бирикменин 17-март күнү Ош шаарындагы басма сөз жыйыны аркылуу тараткан маалыматына караганда автоунаалар «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү бекетинен 100 чакырым алыс Улуу-Чат аймагында калган. «Айдоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Надир Токторов «өкмөт уруксат берсе, айдоочулар машинелерин 24 сааттын ичинде кирип, алып чыгып кетишмек» деди.

«Айдоочулардын баары машинелерин насыяга алган. Ар биринин үйүндө жок эле дегенде бирден студенти бар. Үчтөн-төрттөн окуучусу бар. Тиричилик деген бар. Өзүңөр билесиңер, үйдөгү жашоо бир эле адамдын көзүн караган жашоо да. Бала-чаканы багыш керек», - деди Токторов.

«Айдоочулар» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү өнөктөштөрү менен байланышып жатканын, ал жакта абал турукташып, жумуш мурунку калыбында жүрүп жатканын, автоунаалар турган аймакта коронавирус менен ооругандар катталбаганын белгилешти.Алар Кытайга кирип чыккандан кийин карантинге алынууга да макул экенин кошумчалашты.

Бирикмеге кирген айдоочулар Кытайдан Орусияга кийим, буюм-тайым ташышат.

Маалыматка караганда жүк ташуучу менчик автоунаалардан тышкары Кытайда жүк ташуучу фирмаларга таандык дагы 30га жакын автоунаа калган. (DU)

XS
SM
MD
LG