Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:39

Москвада Путиндин президенттик мөөнөттөрүн жоюуга каршы акция өттү


Акциянын катышуучулары.
Акциянын катышуучулары.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын алдында Владимир Путиндин президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарууга каршы акция өттү. Иш-чара Коммунисттик партиядан шайланган депутат Валерий Рашкин менен жолугуу деген негизде уюштурулган.

«Коммерсантъ» басылмасы акцияга 50дөй киши катышканын кабарлады. Коронавирус инфекциясынын таралып жатканынан улам Москванын бийлиги бир жерде 50дөн ашык адамдын чогулушуна 16-мартта тыюу салган.

Депутат Рашкин «мырза Путин түбөлүк турушу үчүн» Конституцияга мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизишти деп бийликтин «Бирдиктүү Орусия» партиясын, ошондой эле ЛДПР, «Калыс Орусия» партияларын айыптады. «Бүгүн жогорудагы башкаруучулар Конституцияны өзгөртүп жатышат. Конституциялык төңкөрүш болуп атат» деген Рашкин 22-апрелде добуш берүүгө келбөөгө чакырды.

Буга чейин «Левый фронт» кыймылынын активисттери «Жаңы монархия жоголсун!», «Путин түбөлүк башкарбасын!» деген мазмун жазылган плакаттарды көтөрүп, жалгыздап пикетке чыгышкан.

Орусиянын Конституциясына өзгөртүү киргизип, Владимир Путиндин буга чейинки башкаруу мөөнөттөрүн жокко чыгарууну Мамлекеттик Дума колдоп, Конституциялык сот туура деп тапкан. Ага ылайык эми Путинге 2024-жылы да президенттике ат салышууга жол ачылды.

Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 22-апрелде жалпы элдик добуш берүүгө коюлат.

XS
SM
MD
LG