Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы кыргыз жарандарын Орусия мамлекетине убактылуу барбай турууга чакырды. Бул тууралуу аталган кызматтын сайтында жазылды.
Миграция кызматы муну орус өкмөтүнүн 18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салган чечимине байланыштырды. Мекеме Орусиядагы мекендештерди коронавирус илдетин жайылтпаш үчүн ал мамлекеттин мыйзамдарын, өтүнүчтөрү менен талаптарын так, туура аткарууга жана сактоого чакырды.
Орус өкмөтү 18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салды. Премьер-министр Михаил Мишустин Беларустун, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкмөт башчылары менен сүйлөшүп, жаңы киргизилчү чараларды талкуулаганын орус өкмөтүнүн расмий сайты жазды.
Расмий билдирүүдө мындай чара коронавируска байланыштуу «өлкөдө коопсуздукту камсыз кылып, калктын саламаттыгын сактоо» үчүн көрүлүп жатканы белгиленет.
Кыргыз өкмөтү да чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө киришине бир айлык чектөө киргизүү сунушун талкуулап жатканын вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова 17-мартта түшкө чейин маалымдаган. (TSh)