Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 18:57

Ош шаарында жылуулук берүү 18-мартта токтотулат


Ош.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, Ош шаарында 2019-2020-жылдын жылытуу мезгилинин аяктаганына байланыштуу жылуулук берүү 18-мартта токтотулат. Келерки жылда жылытуу мезгилине даярдоо иштерин баштоо Ош жылуулук электр борборуна, «Жылуулук камсыздоо» муниципиалдык ишканасына, шаардык билим берүү башкармалыгына, саламаттыкты сактоо мекемелерине жүктөлдү.

Ош Жылуулук электр борборунун үч буу казаны бар. Ал 38 билим берүү, 12 саламаттык сактоо мекемесин, сегиз жогорку окуу жайын, беш өнөр жай мекемесин, 319 көп кабаттуу үйдү, 200 жеке менчик үйдү, 298 мекемени жылуулук менен камсыз кылат.

«Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын 83 отканасы бар. Алардын 18и электр энергиясы, 65и көмүр менен иштейт. Шаардагы 288 көп кабаттуу үйгө, 95 мекемеге жана 48 жеке менчик үйгө жылуулук берет.

Борбор калаа Бишкекте жылуулук берүүнү токтотуу маселеси 18-мартта каралат. Бул тууралуу мэриянын коомчулук менен байланышуу адиси Гуля Алманбетова 17-мартта "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Бишкек шаарына жылуулук былтыр ноябрь айынын башында бериле баштаган. (ZKo/MdN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG