Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Европа футбол чемпионаты кийинки жылга калды


Коронавирустун айынан футбол боюнча Европа чемпионаты 2021-жылдын жайына жылдырылды. Тийиштүү чечим Европа футбол ассоциациялар бирикмесинин (УЕФА) 55 мүчөсү, Европа футбол лигаларынын жетекчилери чукул өткөргөн онлайн-жыйында кабыл алынды.

Оюндар 2020-жылы 12-июндан 12-июлга чейин Европанын шаарларында, анын ичинде Санкт-Петербургда өтүшү керек эле.

Өткөн аптада Чемпиондор лигасы менен Европа лигасынын оюндары да белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Мындан тышкары алдыдагы айларга белгиленген спорттук гимнастика, көркөм гимнастика, батутта секирүү боюнча Европа чемпионаттары да башка учурда өтө турган болду. Мөөнөттөрү белгилене элек.

XS
SM
MD
LG