Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Путин Орусияда жашагандарды азык-түлүктү ашыкча сатып албоого чакырат


Орусиянын бийлик жетекчилиги коронавируска мониторинг жүргүзүү борборунда.
Орусиянын бийлик жетекчилиги коронавируска мониторинг жүргүзүү борборунда.

Орусиянын президенти Владимир Путин азык-түлүктү ашкере сатып албоого, «кийин баары бир ыргытыла турган нерсеге акча коротпоого» чакырган. Бул тууралуу президент шейшембиде коронавируска мониторинг жүргүзүү борборун кыдырган учурда билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Борборго барган премьер-министр Михаил Мишустин: «Азыр адамдар азык-түлүктү көп сатып алып жатышат. Чынында эч кандай маселе жок. Бизде ташып келүү жагында жагдай абдан туруктуу», - деп Орусияда жашагандарды дүрбөлөң түшпөөгө үндөдү.

Акыркы маалымат боюнча Орусияда коронавирус жугузганы аныкталгандар 114 кишиге жетти. Азырынча өлкө бийлиги эч кандай өзгөчө кырдаал же карантин жарыялай элек.

Бирок Орусия Евробиримдик өлкөлөрү жана Белорус менен чек араларын жапкан. 18-марттан тартып жок дегенде 1-майга чейин Орусия өз аймагына бардык чет өлкөлөрдүн жарандарын жана жарандыгы жок адамдардын киришине тыюу салды.

XS
SM
MD
LG