Эл аралык паралимпиада комитети өзбекстандык төрт спортчуну мелдештерден четтетти. Буга алардын допинг колдонгону себеп болгонун комитеттин сайты маалымдады.
Майып спортчулар Исмира Исломова менен Шахзода Мамадалиеванын (пауэрлифтинг) 2018-жылы Франция чемпионаты учурунда тапшырган анализдери таза чыккан эмес. Экөө 2022-жылдын 30-августуна чейин спорттон четтетилип, 2018-жылдын 31-августунан берки көрсөткүчтөрү жокко чыгарылды.
Ал эми Муслима Нуриддинова (пауэрлифтинг) Китайда жана Жапонияда өткөн турнирлерде кызытма колдонгону аныкталып, 2022-жылга чейин дисквалификацияланды.
Камолахон Абдуллаева 2018-жылкы Параазиалык оюндар учурунда кызытма колдонгон деп айыпталып, 2023-жылдын 10-февралына чейин четтетилди.