Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Элчи кыргызстандыктарды саламаттыгына сак болууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов кыргызстандыктарды ириде саламаттыгына сак болууга чакырды.

Элчи орус өкмөтүнүн пандемиялык кырдаалга байланыштуу аргасыз кабыл алган чарасын түшүнүү менен кабыл алууну кыргызстандык мигранттардан өтүндү. Орус өкмөтү 18-марттан 1-майга чейин Орусияга чет өлкөлүктөрдү киргизбөө тууралуу чечим кабыл алган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси 17-мартта «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу тараткан кайрылуусунда, мекенден алыста, оор иштерде иштеп жүргөн мигранттарды ириде саламаттыгына көңүл буруп, сак болууга чакырган. Мындан тышкары түрдүү такталбаган, фейк маалыматтарды таркатуудан алыс болууга, дүрбөлөңгө жол бербей, Орусиянын мыйзамдарын сактоону, маданиятына сый мамиле кылууга үндөгөн.

Аликбек Жекшенкулов ошондой эле өз кайрылуусунда коронавируска байланыштуу тузүлгөн жагдайда элчиликтин аткарган иштери тууралуу маалымат берген. Ага ылайык, Орусиянын бийлиги Кыргызстанга 7,5 миң медициналык тест өткөрүүчү системаларды акысыз берген. Иранда мекенине кайталабай калган кыргызстандык 60 айдоочуну Азербайжан аркылуу Орусиянын аймагына киргизип, Казакстанга чейин Бажы жана Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү коштоп, узатып барышкан.

Ушул тапта Орусиядан Кыргызстанга келүүнү каалагандар Казакстан чек арасын жаап салганына байланыштуу, мекенине жете албай турушканы 17-мартта кабарланган.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 728 миңдей кыргыз жараны эмгек миграциясында жүрөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG