Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Кыргыз өкмөтү ишкерлерге колдоо көрсөтөт


Доллар 10-мартта дээрлик үч сомго кымбаттаган.
Доллар 10-мартта дээрлик үч сомго кымбаттаган.

Кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу жагдайда экономикалык жоготууларды эсептеп чыгууну тапшырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 17-марттагы өкмөттүк жыйында мындан тышкары бизнести колдоонун механизмдерин да иштеп чыгууга тапшырма берди. Өкмөт башчы кризиске каршы иш-чараларды иштеп чыгуу менен чакан жана орто бизнеске натыйжалуу колдоо зарыл экенин белгиледи.

Ал жугуштуу илдетке байланыштуу жагдайдан улам чыгашага учурап, жабыр тарткан ишкерлерди колдоо натыйжалуу болушун талап кылды.

«Ишкерлер жарандарды коргоонун мажбурлоочу чараларын түшүнүү менен кабыл алып жатышат, айрым жарандар жардам берүүнү жана чогуу иштөөнү сунуш кылышууда. Бизнес өкүлдөрү чыгым болорун билсе да жумуш орундарын жана айлык акыларды сактоого аракет кылып жатышат. Бул глобалдуу чакырыктын алдындагы жоопкерчиликти тең бөлүшкөн мекендештерибизге чын дилден ыраазычылык билдирем. Ал эми мамлекет өз кезегинде бардык резервдерди тартып, ата мекендик бизнести колдош үчүн болгон күч-аракетин жумшайт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

10-мартта АКШ доллары кескин көтөрүлүп, үч сомго чейин кымбаттап кеткен. Улуттук банк сомдун кунун кармоого резервдер жетиштүү деп билдирүүдө.

Коронавирустан улам республикалык бюджет алдын-ала пландалгандан аз аткарылышы мүмкүн экендиги финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 16-мартта президентке маалымдаган. Анын сөзүнө караганда, учурда Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык Валюта Фонду жана башка эл аралык финансы институттары менен республикалык бюджетти колдоого каражат бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG