Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Коронавируска кабылган үч адам менен байланышта болгон 90дон ашуун адам обсервацияга жаткырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алардын арасында ооруга чалдыккандар менен Шаржадан бир учакта чогуу учуп келгендер да бар.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус 70, 62, 43 жаштагы үч кишиден аныкталган. Алар Сауд Арабиясында Умра сапарына барып келгендер.

Космосбек Чолпонбаев кыргызстандыктарды ооруну алдын алуучу бардык чараларды көрүп, ар ким өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Пандемиялык кырдаалдан улам мажбур каникулга таратылган балдарды эл көп чогулган жерлерден оолак кармоо зарылчылыгы тууралуу эскертти.

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 деп аталган, өпкөнү сезгентүүчү оору үч ай ичинде дүйнөнү каптап, 7 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 180 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн аптанын соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган. (BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG