Бул тууралуу «Азаттыкка» Сузак районунун акими Эрмек Омошев маалымдады. Анын айтымында, жарандык коргонуу комисиясынын чечиминин негизинде райондун аймагына биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал киргизилди. Тактап айтканда, коронавирус учуру катталган Благовещенка жана Бостон айылдарындагы үй-бүлөлөрдүн бири-бирине каттоосуна чектөө коюлуп, район боюнча үйдө той-аш өткөрүүгө жана чогулууга тыюу салынды.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды. Алар - 70, 62, 42 жаштагы Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген эркек кишилер. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды.
Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн апта соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган. Буга чейин Кыргызстан коронавирус каттала элек өлкөлөрдүн катарында болчу.
Дүйнөдө Covid-19 вирусу 140тан ашык өлкөдө катталганы кабарланууда. (RsK)