26-февралдан 10-мартка чейин Сауд Арабиясына кичи ажылыкка (умра) барып келген 15 кишинин бирөө 18-мартта түнкү саат экиде карантинге жаткырылды. Ошондой эле карантинге 13-мартта Германиядан келген дагы эки киши алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев "Азаттыкка" билдирди:
“Бул жаран дагы умрага барып келгендердин катарында болгон. Анын дене табы көтөрүлүп, кандайдыр бир белгилер байкалган жок. Болгону саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөсү менен көзөмөлгө алынды. Бул жарандын анализдери алынып, Бишкекке жөнөтүлдү. Ошондой эле 13-мартта Германиядан келген дагы эки жаран карантинге алынды. Булар менен байланышта болгон жакындарынын баары кароого алынды”.
Акылбек Осмоналиевдин айтымында, облустун аймагынан умрага барган 15 кишинин бирөө Ысык-Көл, экөө Ак-Суу , алтоо Жети-Өгүз райондорунан, төртөө Каракол шаарынан. Калгандардын жашаган жери такталып жатат.
Расмий маалыматка караганда облустагы саламаттык сактоо мекемелеринде карантин үчүн 294 изолятор, 28 бокс жана башка резервдик орундар даярдалган.
Кыргызстанда коронавирус жугузган үч адам аныкталганы алар Сауд Арабиясына умрага барып келгендер экени 18-мартта расмий жарыяланган. (KS)