Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Төрага коронавирус менен күрөштө шалаакы жетекчилердин жоопкерчилигин эскертти


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы жыйында сүйлөп жатып, коронавирустун жайылышына каршы турууда депутаттар, коомчулук, өкмөт бирге иштеши керек экенин айтты. Жумабеков өкмөт милдеттерин так аткарып, шалаакылык кылган жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы керек экенин белгиледи:

«Урматтуу депутаттар, эпидемия менен чогуу күрөшүүгө чакырам. Элди, коомчулукту да ушуга үгүттөйлү. Өкмөт өз милдетин аткарышы керек. Бирок кайсы жетекчилик кемчилик кетирип, шалаакы мамиле кылса жоопкерчиликке тартылышы керек. Мен ушуну талап кылам».

19-мартта парламент өкмөттүн коронавирустун жайылышын алдын алуу чаралары боюнча маалыматын угат. Кыргызстанда 18-мартка караган түнү коронавирус катталган үч киши аныкталды. Алар Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген, Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары. Алар менен чогуу бир учакта 135 адам учуп келгени белгилүү болду.

Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Өлкө аймагына чукул кырдаал киргизүү маселесин ушу тапта республикалык штаб талкуулап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG