Республикалык штаб коронавирус аныкталган үч киши менен кошо Сауд Арабиясынан учуп келген 45 жүргүнчү изделип жатканын маалымдады. Ал учакта жалпы 135 адам болгон, алардын ичинен 90 киши 18-мартта изоляцияга алынды.
Кыргызстанда 18-мартка караган түнү коронавирус аныкталган үч киши катталды. Алар - Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген, Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары. Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Өлкө аймагына чукул кырдаал киргизүү маселесин ушу тапта республикалык штаб талкуулап жатат. (TSh)