Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

COVID-19: Үч облустан умрага барып келген 60 киши ооруканага жаткырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кичи ажылыкка (умра) барып келген кыргызстандыктардын ичинен Жалал-Абад облусунун 51, Ысык-Көл облусунан 15, Баткен облусунан 8 кишинин тек-жайы аныкталып, булардын ичинен 60 киши коронавируска текшериш үчүн облустардын аймактарындагы ооруканаларга жаткырылды. Ысык-Көлдөн 14 киши жаткырылган жок. Бул тууралуу жер-жерлерден облустук бийлик органдары кабарлашты.

Мындан сырткары, Жалал-Абад облустунан алынган расмий маалыматка караганда облус боюнча умрага барып келгендер менен жолугушкан 1122 адам (айылдаштары жана туугандары) да такталып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

18-мартта Сузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Буга райондун 70, 62, 42 жаштагы үч тургунунан коронавирус табылганы себеп болду. Алар Сауд Арабиясына умра сапарына барып келген. (RsK/JsA/KS)

XS
SM
MD
LG