Коронавирус коркунучунан улам чайкоочулук кылып, беткаптарды кымбат баада саткан дарыканалар боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу 18-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 17-мартта Бишкектеги бир нече дарыканада атайын рейд уюштурулуп, беткаптар бир даанасы 15 сомдон 50 сомго чейин сатылып жатканы аныкталды.
15-мартта өкмөт атайын буйрук чыгарып, бир колго үчтөн ашык эмес беткап сатуу, баасын 10 сомдон жогорулатпоо тууралуу талап койгон.
Рейддин жыйынтыгы менен ар бир дарыканадагы факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 216-беренесинин («Монополисттик аракеттер же атаандаштыкты чектөө») негизинде каттоого алынды.
Финполиция мындай учурда 1955, 0 (312) 323 091, 323 707, 543 980, 541 712 номурларына чалыш керек экенин билдирди.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. (RK)