Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

ИИМ: Мал уурдап саткан топ кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын жана Ысык-Көл облустарында мал уурдап, башка аймактарга алып барып сатып жүргөн деген шек менен бир топ адам кармалды. Бул тууралуу 18-мартта Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмышкерлер Кочкор жана Тоң райондорунун малчыларына зыян келтирген. Милицияга арыз менен Кочкордун Чекилдек айылынын тургуну февраль айынын башында кайрылган.

Криминалдык полиция кылмышка шектүү катары Нарын жана Талас облустарынын 23, 26, 27 жана 37 жаштагы беш тургунун кармады. Алардын үчөө эки айга камалды.

Шектүүлөр жалпысынан 23 жылкы жана сегиз уй уурдаганы айтылды. Сотко чейинки териштирүү башталды.

Кыргызстандын аянтынын 90 пайызга жакыны деңиз деңгээлинен 1,5 чакырым өйдө жайгашкан. Түндүк аймактардагы айыл элинин көбү мал багып, күн көрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG