Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Штаб: коронавирус табылган үч жаран «Эйр Арабия» авиакомпаниясы менен келген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык штаб COVID-19 вирусу табылган үч кыргызстандыктын авиа сапары жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык, үч жаран «Эйр Арабия» авиакомпаниясынын рейси менен 12-мартта саат 20:57де «Манас» аэропортуна конгон. Чартердик каттамдын номери ABY 345.

Республикалык штаб Сауд Арабиясынан коронавирус табылган үч киши менен кошо учуп келген 45 жүргүнчү изделип жатканын маалымдады. Ал учакта жалпысынан 135 жүргүнчү болгон. Алардын ичинен 90 киши 18-мартта изоляцияга алынды.

Кыргызстанда 18-мартка караган түнү коронавирус табылган үч киши катталды. Алар - Сауд Арабиясына умра сапарына барып келген Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары. Сузак районунун аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди. Өлкө аймагына чукул кырдаал киргизүү маселесин ушу тапта республикалык штаб талкуулап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG