Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Жо Байден үч штаттагы праймеризди ишенимдүү жеңди


Жо Байден жана Берни Сандерс.
Жо Байден жана Берни Сандерс.

Кошмо Штаттардын мурдагы вице-президенти Жо Байден 17-мартта үч штаттагы праймеризди ишенимдүү жеңди. Бул ага Демократтар партиясынын атынан президенттикке талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн арттырат. Ошондой эле партиялаш атаандашы сенатор Берни Сандерстин праймеризди жеңүү мүмкүнчүлүгү азайды.

Флоридада Байден 63%, Иллинойсто 59%, ал эми Аризонада 42% добушка ээ болгон. Сандерс Флоридада 23%, Иллинойсто 36%, ал эми Аризонада 29% чекти багындырган.

Коронавируска байланыштуу Огайо штатынын бийлиги өтөрүнө бир нече саат калганда праймеризди токтотуп, июнь айына жылдырып койду.

Айрым демократтар партиянын биримдиги үчүн Сандерсти жарыштан чыгууга үндөп жатышат. Бирок добуш берүү жыйынтыкталган соң, шейшембинин кечинде сенатор үгүт кампаниясын токтотору тууралуу үн каткан жок.

Демократтардын талапкери республикачыл президент Дональд Трамп менен атаандашат.

Кошмо Штаттардын президентин шайлоо эрежесине ылайык талапкер болууну каалаган адамдар алгач өз партиясынын ичинде атаандашып, баштапкы добуш берүү - праймериз өткөрүшөт. Андан жеңип чыккан саясатчы партиянын атынан талапкер боло алат.

XS
SM
MD
LG