Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жалпы жыйында өкмөт парламентке үч багытта маалымат даярдап келишин сунуш кылды.
Эл өкүлү анын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу чечим чыгарышы керек экенин айтты:
«Өкмөт эртеңкиге чейин кагаз түрүндө саламаттык сактоо, экономика боюнча чараларын даярдашы керек. Өзгөчө кырдаал качан киргизилет деген сыяктуу сунуштарын берсин. Ал эми БШК өз сунушун берсин. Шайлоону токтотобузбу же электрондук добуш берүү кылабызбы? Боршайком чечим кабыл алсын. Депутат шайлайбыз деп Кыргызстанды кырып албайлы».
17-мартта БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Азаттыкка» жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлөрүн билдирген. Шайлдабекованын айтымында, жугуштуу илдеттин алдын алыш үчүн БШК бир катар чараларды иштеп чыгат.
Ушул тапта Кыргызстанда беш шаарда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык өнөктүгү жүрүп жатат. Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Шайлоого карата үгүт иштери 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот. Айрым партиялар үгүт иштеринде эл топтоодон баш тартканы кабарланды.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. (TSh)