Украинанын борбору Киевдин метросу 18-марттан 3-апрелге чейин жабылды. Ал эми жер үстүндөгү транспорт – трамвай, автобус жана троллейбустар кадимки режимде ишин улантышат. Бирок ар бирине 20дан ашык жүргүнчү алууга тыюу салынды.
Киев метрополитени күн сайын миллиондон ашык жүргүнчү тейлеп турарын сайтында көрсөткөн. Метро жабылаар саатта «Reuters» агенттигине кеп курган жүргүнчү Олександр Литвиненко чечимди туура кабыл алганын айтты:
«Албетте, жабыш керек. Болбосо башкасын жабуунун мааниси жок болуп калат. Анткени метро - шаардын башкы транспорттук артериясы. Аны жаппаса вирус тарай берет».
Буга байланыштуу 18-марттан тартып көчөлөрдө тыгын жаралганын жергиликтүү басылмалар жазып жатышат.
Өлкөдө шейшембиден тарта азык-түлүк сатпаган дүкөндөр, ресторандар да жабылган.
COVID-19 коронавирусун жуккандардын саны Украинада 14 кишиге жетти. Алардын экөө вирустун кесепетинен кайтыш болду.