Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:02

Орусияда референдумдун датасы расмий белгиленди


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин конституциялык түзөтүүлөр боюнча бүткүл орусиялык добуш берүүнү 22-апрелге белгиледи. Кремлдин расмий сайтына жарыяланган буйрукка ылайык, шаршембиге туура келген ал күн Орусияда эс алуу күнү деп жарыяланды.

Бирок Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эгер Орусияда коронавируска байланыштуу кырдаал курчуй турган болсо, добуш берүү кийинкиге жылдырылышы мүмкүн экенин айтты.

Орусияда өпкөнү сезгенткен жаңы илдетке кеминде 114 адам чалдыкты. Буга байланыштуу Москва баштаган бир катар шаарларда эл көп катышчу иш-чараларга тыюу салынып, айрым жерлерде мектептер да жабылып жатат.

Конституциялык өзгөртүүлөр Орусияны президент жана премьер-министр катары 20 жылдан бери башкарып келаткан Путинге 2036-жылга чейин президент болуп шайланууга жол ачат. Бир күн мурда жүздөгөн окумуштуулар, журналисттер жана укук коргоочулар Орусияда «Конституциялык кризис жана конституциялык эмес төңкөрүш» коркунучу пайда болгонун айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG