Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Сузактык үч адам менен чогуу келген 135 жүргүнчү обсервацияга алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузакта коронавирус жукканы аныкталган үч адам менен Сауд Арабиясынан бир учакта чогуу учуп келген 135 жүргүнчүнүн баары табылып, обсервацияга алынды. Ал үчөө менен байланышта болгон 300 адам да медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Бул тууралуу 18-мартта саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, баарынан тең анализ алынып, текшерүү жүрүп жатат.

Исаков кошумчалагандай, умрага барып келген кыргызстандыктардын жалпы саны миңге жакын адам. Алардын 75% ким экени такталып, үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Калган 30% боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. (RK)

XS
SM
MD
LG