Кыргызстанда коронавирус коркунучунан улам обсервация үчүн жалпысынан 1600 орун даярдалган. Бул тууралуу 18-мартта саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.
Анын айтымында, учурда 321 адам обсервацияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат, калган 1300гө жакыны бош.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Обсервация - жугуштуу оорудан улам карантин жарыяланган өлкөдөн келгендерди убактылуу жайгаштыруучу жай. (RK)