Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:18

Ош шаарында унга кайрадан талап күчөдү


Оштогу «Тулпар» ун чыгаруучу ишканасына кезек.
Оштогу «Тулпар» ун чыгаруучу ишканасына кезек.

Ош шаарындагы «Тулпар» ун чыгаруучу ишканасында ун сатып алууну каалоочулардын узун кезеги пайда болду. Киши башына бир кап ун 1350 сомдон сатылууда. Коопсуздукка милиция кызматкерлери көз салып, ишканага барчу жолдогу автоунаалардын тыгынын Жол күзөт кызматы жөнгө салып жатат.

Алармандар базарда ун калбай калганы үчүн ишканага келишкенин айтышты. Ага чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов базарда алармандарга түзүлгөн шарттар тууралуу журналисттерге буларды айткан:

«Азыр базарда эки контейнер ачтырдык. «Дан азык» ишканасынан унду түз алып келип, сатып жатат. Баасы 1350 сомдон ашпайт. Алып сатуучуларсыз түз уюштурдук».

Ошто азык-түлүккө болгон муктаждык 14-15-март күндөрү күчөп, 15-март күнү базардагы ун сатуучу жайлар жабык турган. Жергиликтүү бийлик шаарда азык-түлүк жетиштүү экенин белгилеп, шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда.

Ош шаарында азык-түлүккө кезек Кыргызстанда коронавирус боюнча алгачкы фактылар катталган учурга туш келди. 18-марттагы расмий маалымат боюнча Сауд Арабияга кичи ажылыкка барып келгендердин арасынан үч жарандан жаңы вирус табылды. COVID-19 вирусу 140тан ашык өлкөдө катталды. (DU)

XS
SM
MD
LG