Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:48

Исаков: Жакынкы күндөрү умрадан дагы 300 адам келет, баарын карантинге алабыз


«Манас» аэропорту.
«Манас» аэропорту.

Жакынкы күндөрү Сауд Арабиясында кичи ажылыкта жүргөн дагы 300дөй кыргызстандык кайтып келет. Бул тууралуу 18-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында умрадан кайтып келгендер дароо карантинге жаткырылып, лабораториялык анализ алынарын белгиледи:

«Эртең 100 адам, бүрсүгүнү 200 адам кайтып келет. Бул кооптуу сан эмес. Эгер ошончо оорулуу адам келет десек, корксок болот. Алар оорулуулар эмес, баары биздин жарандар. Биз сөзсүз түрдө баарынан лабораториялык анализ алабыз. Албетте, баарын карантинге алабыз».

Төлө Исаковдун айтканына караганда коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстанда обсервация үчүн 1600 орун даярдалган. Анда 321 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Калган орундар бош.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жалпы республика боюнча «өзгөчө кырдаал киргизүүгө олуттуу негиз жок», деди министрликтин өкүлү. (RK)

XS
SM
MD
LG