Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

АКШда «Grand Princess» кемесиндеги эки кыргызстандыктын анализи таза чыкты


"Grand Princess" кемеси.
"Grand Princess" кемеси.

АКШнын Калифорния штатындагы жээкте карантинге жабылган «Grand Princess» саякат кемесиндеги эки кыргызстандыктын бир нече жолку анализи таза чыкты. Бул тууралуу 18-мартта короновируска байланыштуу түзүлгөн республикалык штаб кабарлады.

“13-мартта Кыргызстандын эки жараны кемеден Жоржия штатындагы атайын борборго которулган. Бир нече жолу өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында медицина кызматкерлери экөөндө тең коронавирус жок экенин тастыкташты. Карантинден (14 күн) кийин алар борбордон бошотулуп, үйүнө кете берсе болот” деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

«Princess Cruises» компаниясынын 21 кишиден коронавирус аныкталган «Grand Princess» лайнеринде кыргызстандык эки жаран да бар экени 6-мартта белгилүү болгон.

3-февралда Жапонияда карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесинде коронавируска кабылды деген бир кыргызстандык 15-февралда Токиодогу Аскердик госпиталда текшерилип, коронавирус жукпаганы аныкталды деген негизде 29-февралда чыгарылган.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. (RK)

XS
SM
MD
LG