Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

Европада чек аралар жабылып, миңдеген адам ара жолдо калды


Румыниянын жана Болгариянын жарандары Венгриянын чек арасынан өтө албай турушат. 18-март, 2020-жыл.
Румыниянын жана Болгариянын жарандары Венгриянын чек арасынан өтө албай турушат. 18-март, 2020-жыл.

Венгрия коронавируска байланыштуу чек арасын жапкандан кийин Батыш Европадан мекенине кайтып келаткан түмөндөгөн румыниялыктар жана болгариялыктар ара жолдо калышты. Соңку 24 сааттын ичинде Австриянын Венгрия менен чектешкен аймагында Румыниянын 7 миңдей жараны топтолду. Алар коронавирустан катуу жабыр тарткан Италия менен Испаниядан автоунаа менен келе жатышкан. Румынияга жетиш үчүн алар Австрия жана Венгрия аркылуу өтүшү керек эле.

«Үй-бүлөбүз менен мекенге баратканбыз. Системада «чек ара 17-март саат түнкү 12ге чейин ачык болот» деп жазылган. Ал эми бул жерге келгенибизде «саат тогузга чейин эле» дешти. Мына катастрофа, кыйчалыш кырдаал», - деди чек арада тыгында турган румын айдоочусу Даниел Геагала.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 17-марттын түнүндө өлкөнүн бардык чек араларын жапкан. Румын бийлиги венгр өкмөтү чек араларын жабаары тууралуу алдын-ала маалымат бербегенин билдирип жатат.

Ошентсе да Венгрия Румыниянын өтүнүчү менен бир жолу чек араны убактылуу ачууга макул болгону кабарланды. Бирок расмий Будапешт ал үчүн жүргүнчүлөр Венгриянын ичинде эч жакка бурулбай, полициянын коштоосу менен өлкөдөн чыгып кетишсин деген талапты коюп жатат. Венгрияда коронавируска кабылгандардын саны 50 адамга жетти.

XS
SM
MD
LG