Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Ошто муниципалдык борбордук базар дезинфекцияланды


Ош шаардык муниципалдык борбордук базары.
Ош шаардык муниципалдык борбордук базары.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык мамлекеттик профилактикалык зыянсыздандыруу бекет мекемесинин башкы дарыгери Айнура Осмоналиева маалымдады. Анын маалыматына ылайык, Оштогу ири соода жайын дезинфекциялоо эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин болду. Он адистен турган топ бир чакырымдай аралыкта жайгашкан муниципалдык борбордук базардын аймагын дезинфекциялады.

Мекеменин башкы дарыгери Айнура Осмоналиеванын айтымында, кырдаалга жараша муниципалдык базарда күнүгө эртең менен жугуштуу ооруга каршы дезинфекция болот. Ал үчүн базардагы соодагерлер акы төлөшү керек.

Ош шаардык мамлекеттик профилактикалык зыянсыздандыруу бекет мекемесинин кызматкерлери ушу тапта Ош шаарындагы орто мектептерди дезинфекциялап жатат. Буга чейин шаардагы 43 бала бакча дезинфекцияланган.

Ошто өткөн жумада 78 мечитте, үч медреседе, 14 намазканада, төрт диний окуу борборунда, алты диний коомдук уюмдарда, коомдук автоунааларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон, COVID-19 деп аталган, өпкөнү сезгентүүчү оору үч ай ичинде дүйнөнү каптап, 7 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 180 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн апта соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган. Кыргызстанда кичи ажылыкка барган үч адамдан вирус табылды. (MdN)

XS
SM
MD
LG