Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Ош: Коронавирустан сактанууга шаардык бюджеттен 700 миң сом бөлүндү


Ош шаарындагы эпидемиологиялык абал тууралуу брифинг учуру. 18-март, 2020-жыл.
Ош шаарындагы эпидемиологиялык абал тууралуу брифинг учуру. 18-март, 2020-жыл.

Бул каражат медицина кызматкерлерин тиешелүү жабдыктар менен жабдууга, дезинфекция жүргүзүүгө жана шаардагы аялуу адамдарга оорудан сактануусуна көмөктөшүү максатына сарпталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 18-мартта журналисттерге маалымдады:

«Медицина кызматкерлерине жардам көрсөтүп жатабыз. Дезинфекция иштерине кошумча күчтөрдү тартып, шаарда зыянсыздандырууну күчөтөйүн деп жатабыз. Эң негизгиси - шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген пенционерлер, жетишпеген үй-бүлөөлөр болсо, маска жана медициналык жардам беребиз», - деди Сарыбашов.

Сарыбашов мындан сырткары Ош шаарындагы тойканалар жана көп орундуу кафе-ресторандар да 18-марттан тартып ишин убактылуу токтоторун кошумчалады. Ал ошондой эле катуу зарылчылык болбосо, айылдан шаарга, шаардан айылга каттаганды, конок чакырганды жана конокко барганды чектей турууга чакырды.

Ош шаардык мамлекеттик профилактикалык зыянсыздандыруу мекемеси калаадагы орто мектептерди, бала бакчаларды, мечиттерди, медреселерди, намазканаларды жана коомдук транспортту дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатат.

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 деп аталган, өпкөнү сезгентүүчү оору үч ай ичинде дүйнөнү каптап, 7 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 180 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн аптанын соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган. Кыргызстанда 18-мартта Сауд Арабиясынан келген үч киши илдетти жугузганы аныкталды. (DU)

XS
SM
MD
LG