Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Ирандын абагында төрт адам ачкачылык жарыялады


Ирандык укук коргоочу Насрин Сотуде.
Ирандык укук коргоочу Насрин Сотуде.

Тегерандын Эвин түрмөсүндө саясий негизде камалгандардын кеминде үчөө абакта ачкачылык жарыялаган укук коргоочу Насрин Сотудеге кошулушту. Алар саясий негизде камалгандардын баарынын бошотулушун талап кылып жатканын Ирандагы Адам укуктары боюнча борбор билдирди.

Бул тууралуу Сотуденин күйөөсү Реза Хандан 17-мартта борборго кабарлап, тамактануудан баш тарткандар Резване Ханбеги, Хоссейн Сарлак жана Мортеза Назари экенин тактаган.

Сотуде коронавируска байланыштуу Иран түрмөлөрүнөн 85 миң адам убактылуу бошотулары жарыялангандан кийин ачкачылык акциясын баштаган.

Хандан аялы пандемия учурунда, Иран абактарында дары-дармек, санитардык каражаттар абдан таңсык болуп жаткан маалда ачкачылык кармоо кооптуу экенин сезип турганын, бирок бул чара туткундардын үнүн бийликке жеткирүүнүн «акыркы аргасы» экенин белгилеген.

Насрин Сотуде саясий негизде камалгандарды, анын ичинде хижаб кийүүгө каршы чыккандарды коргогону үчүн 2018-жылдын июнунда камакка алынган. Ага 38 жыл, алты ай абак жана 148 балак уруу жазасы чегерилген.

Укук коргоочу өлкөдөгү сөз эркиндиги, адам укуктары үчүн күрөшүп, ага чейин да бийликтин куугунтугуна кабылып келген. 2012-жылы Сотуде Европарламенттин Сахаров сыйлыгын жеңип алган.

XS
SM
MD
LG