Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Ош шаарында ун сата турган кошумча төрт дүкөн ачылат


Ун өндүрүүчү «Тулпар» комбинатындагы кезек. Ош шаары. 18-март, 2020-жыл.
Ун өндүрүүчү «Тулпар» комбинатындагы кезек. Ош шаары. 18-март, 2020-жыл.

Алар борбордук базардын эки жеринде жана Ош шаарынын чыгыш тарабындагы Фуркат айылында, батыш тарабында Төрөбай Кулатов кичи районунда ачылат. Бул туурасында «Азаттыкка» Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

«Бүгүнкү күндө «Тулпар» ун комбинатында ун үзгүлтүксүз сатылып жатат. 50 килограмм салмактагы бир кап ундун баасы 1350 сом. Бул дүкөндөрдө да баалар ишканадагыдай болот. 10-20 каптан алууга болбойт. Шаар тургундарына бир-эки каптан сатылат», - деди Абсаттаров.

Ош шаарында 18-мартта унга талап күчөп, «Тулпар» ун чыгаруучу ишканасында ун сатып алууну каалоочулардын узун кезеги пайда болгон.

Бул Кыргызстанда коронавирус боюнча алгачкы фактылар катталган учурга туш келди. Ага чейин азык-түлүккө болгон муктаждык күчөп, 15-мартта базардагы ун сатуучу жайлар жабык турган. Жергиликтүү бийлик шаарда азык-түлүк жетиштүү экенин белгилеп, шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда.

18-марттагы расмий маалымат боюнча Сауд Арабияга кичи ажылыкка барып келгендердин арасынан үч жарандан коронавирус табылды.(DU)

XS
SM
MD
LG