Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Жалал-Абадга коронавирусту аныктоочу лаборатория жеткирилет


Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров «Азаттыктагы» маегинде билдирди. Анын айтымында, аталган жабдуу көчмө лабораториянын ролун аткарат.

18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үч тургуну коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталган. Буга байланыштуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров 18-мартта Сузакка барган. Ал райондогу коомдук-саясий кырдаал менен таанышып, коронавирус табылган үч кишинин кичи мекени Благовещенка, Орто-Азия жана Бостон айылдарын кыдырган.

Сузак районунда бардык санитардык чаралар күчөтүлгөн. Жергиликтүү элге жугуштуу вирус жана анын алдын алуу боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Сузак районун эли киргизилген убактылуу чектөөгө түшүнүү менен мамиле кылып жатканын өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG