Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 4-апрель, 2020 Бишкек убактысы 12:14

Ташкент менен Алматы дүйнөнүн эң арзан шаары деп табылды


Ташкен базары. Иллюстрациялык сүрөт.

«The Economist Intelligence Unit» изилдөө компаниясынын жаңы рейтингине ылайык, Казакстандын Алматы шаары менен Өзбекстандын баш калаасы Ташкент жашоо үчүн дүйнөдөгү эң арзан шаарлар деп табылды.

Рейтингде Ташкент 132чи, Алматы 131-орунга жайгашкан.

Изилдөөнүн авторлору Ташкент менен Алматыда азык-түлүк арзан экенин белгилешкен. Алсак, Өзбекстандын баш калаасында бир килограмм нандын баасы болгону 1,05 доллар, Алматыда 0,96 доллар деп көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Казакстан менен Өзбекстанда чач тарачтардагы тейлөө жана кийим-кече арзан экендиги жазылган.

Рейтингдеги эң кымбат шаарлардын сап башына мурдагы жылдардагыдай эле Гонконг жана Сингапур жайгашкан. Быйыл алардын катарына Жапониянын Осака шаары да кошулган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG