Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:56

Чолпонбаев: 630 миң медициналык беткап аймактарга жеткирилген


«Манас» аэропортундагы текшерүү бекети. 18-март, 2020-жыл.
«Манас» аэропортундагы текшерүү бекети. 18-март, 2020-жыл.

Алардын баасы он сомдон ашпашы керек, бир адамга 5 даанадан ашык берилбейт. Жергиликтүү цехтер да беткап тигүүгө киришти. Саламаттык сактоо министрлиги ишкерлер менен келишим түзүп, беткап таңсыктыгын жоюуга аракеттенүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 19-мартта журналисттерге билдирди:

«Бизде айрым ишкерлер кийим-кече жана башка буюмдарды өндүрүүнү токтотуп, медициналык беткап тигүүгө өтүштү. Алар бул аракети менен бизге абалды турукташтырууга көмөктөшүүдө. Беткапты табы айныган адамдар кийгени жакшы, бардык адамдар кийишине азырынча муктаждык жок».

Министр элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, дары-дармек, жабдуулар жетиштүү экенин билдирди.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус илдетин жуккан үч адам катталган. Алар жашаган Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Алар менен байланышкан бардык адамдар да дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Ал эми атайын обсервация жайларында 321 адам текшерүүдөн өткөрүлүүдө. (ZKo/BkA)

XS
SM
MD
LG