Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 21:29

Нарында изоляцияга алынган адамдын анализи таза чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында коронавирус жугузуп алышы ыктымал деп изоляцияга алынган кишинин анализи таза чыкты. Бул тууралуу парламентте маалымат берип жатып өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Нарын облустук казыятынын маалыматында, жыл башынан бери облустан жалпысынан 43 киши умрага барып келген. Алардын ичинен бирөө изоляцияга алынган. Ал адам 12-мартта Сауд Арабиясынан коронавирус тастыкталган сузактык үч тургун менен чогуу учуп келген.

Премьердин айтымында, сузактык үч киши менен бир учакта учуп келген жүргүнчүлөрдүн так саны 144 адам экени аныкталды. Алардын баары азыр медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар умрадан кайтып келгени айтылды. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. 19-мартка карата, Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG