Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Президент төрага, өкмөт башчы, фракция жетекчилери менен жолугушту (видео)


Жолугушуунун катышуучулары.
Жолугушуунун катышуучулары.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен өлкө аймагында коронавирус аныкталганына байланыштуу абалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Мамлекет башчы Жээнбеков оорунун жайылышына жол бербеш үчүн иштер жасалып жатканын, Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал режиминде республикалык штабдар иштеп жатканын белгиледи. Президент дарыгерлер менен өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылып жаткандарды колдоого чакырды.

«Республикалык штабдардын ишин сынга алуу жана акыл-насаат айтуу баарынан жеңил. Бирок азыр эксперттик пикирлерди айтып, өзгөчөлөнүү менен алектенүүнүн маалы эмес. Биз баарыбыз элибизге иш жүзүндө реалдуу жардам беришибиз зарыл. Тиешелүү мамлекеттик органдар экономикалык чөйрөдө кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүү менен байып кетүүнү көздөгөн чайкоочуларга бөгөт коюу боюнча жигердүү чараларды көрүштү. Эми эң башкысы - саясий чайкоочулукка жол бербөөгө чакырам», - деди президент.

Жолугушууда калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга жылдырылып, 20-апрелинен 29-апрелине чейин өтөрү айтылды. Төрага Дастан Жумабеков, фракция лидерлери мамлекет башчынын коронавируска байланыштуу кайрылуусун колдой турганын билдиришти. (TSh)

XS
SM
MD
LG