Оштогу мал базарлар дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү жана адамдардын көп топтолушун чектөө үчүн ишин белгисиз мөөнөткө токтотту. Милициянын көзөмөлүнө алынып, блок-посттор коюлду. Ош облусунда он ири мал базар бар.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалагынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев «Азаттыкка» билдирди:
«Ажыга барып келгендер көп адамдар менен байланышта болгону маалым. Эч ким кепилдик бере албайт да, мал базарга келгенин. Ал жерде тамак-аш жеген жерлер, малды байлаганда кармаган устундар бар. Ошонун баарын дезинфексиялаш керек экен. Бул атайын штабдын көрсөтмөсү».
Ушундай эле санитардык абалды көзөмөлдөө, дезинфекциялоо иштери Ош шаарында орто мектеп, бала бакча, мечит, медресе, намазкана баштаган жайларында жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу мекемеси кабарлады.
18-мартта Кыргызстанда үч кишиге коронавирус жукканы аныкталып, анын негизинде Сузак районунун аймагына чукул кырдаал жарыяланган.
Былтыр декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында башталган Covid-19 вирусу учурда дүйнөнүн 140тан ашык өлкөсүндө катталды. Алардын катарында кошуна Казакстан менен Өзбекстан да бар. (DU)