Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

ЮСАИД грант маселеси боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө жолугат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир нече өкмөттүк эмес уюмдун грант берүүгө байланыштуу нааразылык билдирген кайрылуусунан кийин Кыргызстандагы ЮСАИД уюму алар менен жолугуп, маселени талкуулоого даяр экенин билдирген. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Жарандык платформа» фондунун өкүлү Айнура Усупаева маалымдады. Анын айтымында жолугушуу 20-мартка белгиленди.

Буга чейин «Таза шайлоо ассоциациясы», «Жарандык платформа», «Эгль», «Мутакалим», «Журналисттер» уюмдары кайрылуу таратышкан. Анда алар ЮСАИД уюму алдыдагы шайлоого мониторинг жүргүзүш үчүн миллиондогон каражат грантты жаңы түзүлгөн «Общее дело» уюмуна берип койгонуна нааразы болушкан. Алар бир топ тажрыйбасы бар уюмдардын өтпөй калганынын себебин билүүгө кызыгышкан. Азырынча ЮСАИД жана «Общее дело» уюму бул боюнча комментарий бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG