Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Коронавирус жуккандар менен кошо келген 8 кишинин анализи таза чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусундагы карантинге алынган 8 кишинин анализинен коронавирус табылган жок. Алар Сузак районундагы коронавирус табылган үч жаран менен кошо Сауд Арабиясынан бир авиакаттамда келишкен. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда чет өлкөдөн келген 386 адам, андан сырткары коронавирус аныкталгандар менен чогуу келген 142 адам обсервацияда жатат. Учурда Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөлдө турат. Дарыгерлер 24 саат бою санитардык-эпидемиологиялык иштерди, дезинфекциялык чараларды жүргүзүүдө.

Жалал-Абад облусунда эки мобилдик лаборатория иштеп жатат. Облустук ооруканада үч жаран карантинде дарыланып жатса, дагы үч жаран дене табы жогору болгондуктан кармалып турат.

Алардын ичинден эки кишинин коронавируска алынган анализдери таза чыкты, бирөөнүн анализи чыга элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG